Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык доцент КМШнын мыкты педогогу аталды

Аскер институтунун Табигый илимдер кафедрасынын доценти Нуржан Казыбекова "КМШ өлкөлөрүнүн мыкты педагогу" наамын жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Казакстандын улуттук инновациялык-изилдөө борбору аталган эл аралык сынакты уюштурду.
"Анда КМШ өлкөлөрү боюнча миңдеген педагогдордун, илимпоздордун жана билим берүү системинин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө колдонуп жаткан илимий эмгектери, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча илимий-педагогикалык сунуштары каралып, эл аралык комиссиянын чечими менен мыктылар тандалып алынды",- деп белгеленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан