Өлкөдө 15-апрель түштөн кийин жана 16-17-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен республика боюнча табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөрүн байма-бай эскертип келүүдө.