Биз социалдык тармакта

Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды (видео)

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти келип түшкөн видео кайрылуунун негизинде курулуш объектине текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеодо Бишкек шаарынын Ахунбаев – Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушунда куруучунун техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы көрсөтүлгөн. Мындан улам курулуш материалынын бир бөлүгү жерге түшүп, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Беш-Сары К” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан