Жастин Бибер Coachella-2026 фестивалында “Baby” жана “Never Say Never” аттуу өзүнүн алгачкы хит ырларын аткарды.
Ырчы аткаруу учурунда өзүнүн мурдагы клиптерин жана интернеттеги кызыктуу видеолорун чоң экранда You Tube аркылуу көрсөтүп күйөмандары менен кошо аткарган.
Бибердин аткаруусу кадимки чоң концерт эмес, жөнөкөй ностальгияга багытталган өзгөчө форматта өткөн.
Бул анын акыркы төрт жылдагы эң чоң жандуу концерти болду. Буга чейин ал ден соолугуна байланыштуу дүйнөлүк турун токтоткон болчу.