Кыргыз-Түрк "Манас" университети аркылуу өтө турган жолдун курулушу бир айдын ичинде башталат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов "Кабарга" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аталган аймакка жол куруу тыгын маселесин азайтууга багытталган.
"Бишкек шаарында ички миграция көбөйдү. Жал кичи районунда элдин саны эки эсе өстү. Ал жерде жашаган элдин 40 пайызы унаа колдонсо, анын баары Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрү менен каттайт. Мындан улам бул аймактагы жол тыгынын азайтуу үчүн Миңжылкыев көчөсүн узартууну карап жатабыз. Аталган жол буга чейинки эле Бишкек шаарынын башкы планында каралган.
Шаардагы окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар баары эле жолдун боюнда курулган. Албетте, коопсуздук маселесин да карайбыз, ал жерде атайын жолдун астынан өтүүчү өтмөктөр курулат. Курул иштерин бир айдын ичинде баштоону пландап жатабыз",- деди Жанболотов.