Ысык-Көл облусунда атайын кызматтар тарабынан баңгизат өндүрүүчү лаборатория аныкталып, иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыштуу схеманы уюштурган деп шектелген адамдар кармалышты. Текшерүү учурунда алар далил буюмдарды мешке салып өттөөгө аракет кылышканы белгилүү болду.
Ал жерден 10 килограммдан ашык баңгизаттардын аралашмасы жана аны даярдоодо колдонулуучу химиялык заттар табылды.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.