Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тараптагы тоонун боорунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:11де өрттү өчүрүүгө куткаруу унаасы жана 8 куткаруучу жөнөп кеткен. Ал эми саат 12:32де кошумча 27 кызматкер тартылган.
Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.