Иран менен АКШнын жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Түркияда же Египетте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады.
Агенттик жаңжалды жөнгө салууда түркиялык жана египеттик расмий өкүлдөр да ортомчу болгонун белгилейт. Мындан улам ал өлкөлөрдүн биринде жолугушуунун өтүү ыктымалдыгы жогору.
Басылмага ишенимдүү булагы сүйлөшүүлөр келерки аптада болушу мүмкүн экенин билдирген.
Associated Press басылмасы Иран-АКШ сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 16-апрелде Пакистанда өтөрүн маалымдаган. Буга чейин 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.