Биз социалдык тармакта

"Жогорку Кеңеште 300 сомдук маселени көтөрүп..." Садыр Жапаров Алайдагы жыйында элге кайрылды (видео)

Кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту. Анда өлкө башчысы элге кайрылып, парламентке ири маселелерди көтөргөн, аймактын билимдүү жаштарын кеңешип шайлап жиберүү керектигин айтты.

"Өзүңөргө эркин шайлоону түзүп бердик. Эч ким кийлигишпейт. Мугалимдер, дарыгерлер аралашпайт. Эмне үчүн дегенде, силер (ред.: эл) түздөн-түз өкүлүңөрдү жиберсин деп силердин округдан 3 депутатка, 2 эркек, 1 аялга орун берип жатабыз. Акчага сатылбаганга, тууган-урук, тааныш-билиштик кылып шайлабаганга көнөлү. Иштей турган, жаш, шыктуу, билимдүү адамыңарды жөнөткүлө да. Эгер акчага сатылып шайласаңар, анда 30 жыл мурунку кебетебизге түшүп калабыз. Кеңешип, талкуу кылып анан "өсчү балаңарды" шайлагыла. "Өзүбүздүн бала" деп тууган-уруктарды шайлап жибересиңер. Ал барып алып жол тескөөчүлөрү менен урушуп, Жогорку Кеңеште 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт. 3 миллион, 3 миллиарддык маселелерди көтөрүш керек. Мамлекеттик деңгээлдеги маселелер көтөрүлүшү кажет",- деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов жол тескөөчүлөрү менен болгон маселесин парламентке чейин алып чыккан.

Садыр Жапаров парлементке ири маселени көтөргөндөр депутаттар керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан