Бүгүн, 14-апрелде борбордук шайлоо комиссиясы Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин депутаты деп тааныды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сариев №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана депутаттык төш белги берилди.
Белгилей кетсек, ал аталган округдан шайланган депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келди.