Синоптиктер кабарлагандай, эртең, 15-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын, Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6... +11, күндүз +23... +28;
- Талас жергесинде түнкүсүн +4... +9, күндүз +19... +24;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9... +14, күндүз +23... +28;
- Нарын аймагында түнкүсүн +2... +7, күндүз +13 .. +18;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1... +4, күндүз +16... +21;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +7... +9, күндүз +24... +26 градус болот.