Казакстанда телекөрсөтүү жана радио уктуруулар убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өчүрүү эртең, 15-апрелде Астана убактысы боюнча саат 03:00дөн 17:00гө чейин болот. Бул убакыт аралыгында спутниктик, санариптик жана аналогдук эфирдик тармактарда пландуу профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
Мындай өчүрүү телекөрсөтүү жана радио уктуруулардын сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жатканы маалым болду.