Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө 16-апрелде оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде таза суу өчүрүлөт.
Өчүрүлө турган аймактар:
Лермонтов көчөсү - темир жол линиясы – Аламүдүн суусу – Чүй проспекти – Аламүдүн суусунан Жибек-Жолу проспектине чейин, Жибек-Жолу проспекти – Никитин туюк көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин, Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин, андан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна, Лебединовка айылына – Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу БЧКга чейин.