Улуу Британия АКШнын Ормуз кысыгын блокадага алуу демилгесин колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн каржы министри Рэйчел Ривз айткандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Лондон мындай кадамды туура эмес деп эсептейт жана АКШ жүргүзүп жаткан блокадага катышпайт.
“Биз АКШнын блокадасына кошулбайбыз. Бул туура ыкма эмес деп ойлойбуз”,- деген ал Mirror басылмасына берген маегинде.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы - CENTCOM дүйшөмбү күнү кечинде Ормуз кысыгын блокадага алууну баштаганы маалымдалган. Бул чечим АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин берилген тапшырманын негизинде кабыл алынган.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуучу деңиз жолдорунун бири болуп эсептелет. Андыктан бул аймактагы чыңалуу эл аралык деңгээлде олуттуу тынчсызданууну жаратууда.