Биз социалдык тармакта

Бишкекте "KyrgyzBuild 2026" эл аралык көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Бишкек шаарында курулуш индустриясынын 23-эл аралык адистештирилген "KyrgyzBuild 2026" көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков катышты.
Көргөзмө 14–16-апрель күндөрү өтүп, курулуш тармагы, архитектура, интерьер дизайны жана ага байланышкан багыттардагы алдыңкы адистерди жана компанияларды бириктирүүдө.
Иш-чаранын алкагында:
• заманбап курулуш материалдары
• инновациялык технологиялар
• инженердик чечимдер
• архитектура жана интерьер дизайнындагы жаңы тенденциялар сунушталууда.
"KyrgyzBuild 2026" көргөзмөсү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция тартууга маанилүү аянтча болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул көргөзмө жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык компанияны бириктирет. Бул өз кезегинде Кыргызстандагы курулуш секторуна эл аралык кызыгуу жогору экенин көрсөтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан