Бүгүн, 14-апрелде Бахадыр Конуров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын тапшырды.
Аталган мекемеден билдиришкендей, ордуна БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева бир добуштан төраганын орун басары болуп шайланды.
Тиешелүү чечим БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.