Чуңкурчак жайлоосунда чыккан өрт саат 15:20да чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чолпонбек Боскунчиев маалымат берди.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 27 адам тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин аталган тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат
түшкөн.