Бүгүн, 14-апрелде Токио шаарында Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Жапониянын миграция жана жумушка орноштуруу агенттигинин комиссары Хидэхару Маруяма менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кыргыз-жапон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө Жапониядагы жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жоюу максатында чет өлкөлүк жарандарды тартууга багытталган “Токутэй гино” (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашыруу маселесине көңүл бурулду.
Мындан тышкары:
• техникалык стажировка программаларын кеңейтүү
• Кыргызстандын жарандарын Жапонияда ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү
• туризм, карыларды кароо, курулуш жана айыл чарба тармактарына адистерди тартуу маселелери каралды.
Тараптар эмгек мигранттарын тандоо механизмдерин жакшыртуу, тилдик жана кесиптик даярдыкты күчөтүү, ошондой эле ишке орношуу процессинин коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин белгилешти.
Жыйынтыгында Кыргызстанда Жапонияда иштөөгө кызыкдар жарандарды даярдоо борборлорун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул ишке Эл аралык миграция уюму да тартылат.
Ошондой эле уюшкан эмгек миграциясын өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу ведомстволор аралык келишим түзүү боюнча макулдашуу жетишилди.