Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Кара-Кулжадагы маданий борбордун ачылышына катышты

Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган

Ачылыш аземинде президент үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.

Андан соң өлкө башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айткан. Өз кезегинде жашоочулар аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан