Бишкек шаарында 14-апрелден тарта Жибек Жолу көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, милиция айдоочуларды алдын ала каттам түзүп, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырды.
Ошондой эле жол эрежелерин сактап, убактылуу коюлган белгилерге көңүл буруу сунушталды.