Чүй облусунун ИИББ алдындагы ЖКККБ кызматкерлери таңкы саат 03:00дөн 06:00гө чейин айдоочулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — айдоочулардын чарчоосунан улам келип чыккан жол кырсыктарын алдын алуу. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эмгек жана эс алуу режимин сактоо, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздук талаптарын так аткаруу зарылдыгы өзгөчө белгиленүүдө.
Адистердин айтымында, дал ушул убакыт аралыгында айдоочуларда уйку басуу көбөйүп, бул кырсыктардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн.
ЖКККБ айдоочуларды чарчаган абалда унаа башкарбоого, зарыл болсо токтоп эс алууга жана жолдо этият болууга чакырат.