Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы бир катар социалдык объекттерди реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде борбордук стадион, “Тынчтык” жана Буранов атындагы парктар жаңыланып жатат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер активдүү жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, 25 гектар аянтты ээлеген “Тынчтык” паркында көрктөндүрүү, жарыктандыруу, сугат системасын орнотуу, веложолдорду жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Буранов паркында инженердик тармактар жаңыртылып, эс алуу үчүн заманбап коомдук мейкиндиктер түзүлүүдө.
Ошондой эле борбордук стадионду реконструкциялоо долбоору да каралууда. Анын жалпы аянты 21 миң чарчы метрден ашык болуп, долбоордун баасы 168 миллион сом деп белгиленген. Курулуш 2027-жылы аяктайт деп пландалууда.
Жыйынтыгында мамлекет башчысы бардык иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү органдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.