Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони өлкө Израил менен коргонуу тармагындагы келишимдин автоматтык түрдө узартылышын токтотууну чечкенин билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, бул чечим учурдагы кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган. Мелони бул тууралуу Верона шаарында өткөн Vinitaly көргөзмөсүнө келген учурда журналисттерге айткан.
Ошондой эле маалымат агенттиктери билдиргендей, Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто Израилдин коргоо министри Исраэль Кацка расмий кат жөнөтүп, эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча меморандумдун автоматтык узартылышы токтотулганын маалымдаган.