9–13-апрель күндөрү Манас шаарында стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтүп, Бишкек шаарынын спортчулары жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектен катышкан Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары командалык жана жеке эсептерде бир катар байгелүү орундарды камсыз кылышты.
Жыйынтыктар:
• Аялдар курама командасы — 1-орун
(Саида Кудусова, Аяна Уланбекова, Раяна Мураталиева)
• Эркектер курама командасы — 1-орун
• Аялдар жуптук мелдеши — алтын медаль
(Саида Кудусова / Нуркыз Аязбекова)
• Аралаш жуптар — 2 коло медаль
• Саида Кудусова / Мавлан Бахаутдинов
• Раяна Мураталиева / Марлен Алимкулов
• Жеке эсеп:
• Саида Кудусова — 1-орун (өлкө чемпиону)
• Аяна Уланбекова жана Раяна Мураталиева — коло медаль
• Марлен Алимкулов — 3-орун
Ошондой эле мелдеш жыйынтыгы боюнча Раяна Мураталиева жана Жанболот Тилемиш уулуна “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” ардактуу наамы ыйгарылды.
Чемпиондуктун өзгөчө багыттарынын бири — инклюзивдүү спортту өнүктүрүү болуп, катышуучулар жогорку атаандаштыкта өз деңгээлин көрсөтүштү.