Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Иранга каршы аскердик операцияны токтотуу үчүн негизги шарт катары байытылган уранды өлкөдөн чыгарууну атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, учурда Иранда ядролук курал жасоо мүмкүнчүлүгү жок, бирок калган байытылган уран кайрадан ядролук программа баштоого негиз болушу мүмкүн.
Кацтын билдирүүсүндө, АКШ менен Израил бул материалды Ирандан алып чыгуу согуштук кампанияны аяктоонун эң маанилүү шарты деп белгилешкени айтылат.
Ошондой эле маалыматта АКШ менен Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр жана тараптардын келишимге келе албаганы тууралуу да айтылды.