Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Өзгөндө социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунда курулуп жаткан социалдык объектилердин жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент 350 орунга ылайыкташкан жалпы дарыгерлик практика борборунун курулушу менен таанышып, анын быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлөрү маалымдалды. Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов райондо калктын саны өсүп, жаңы медициналык объектилерге муктаждык жаралганын белгиледи.

Мамлекет башчысы тиешелүү органдарга курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөттөрдүн так сакталышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Андан соң ал Баш-Дөбө айыл аймагындагы Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан турак жай комплекстерин көрүп чыкты. Жалпы аянты 7 гектардан ашуун жерде 16 беш кабаттуу блок салынып, 970 батир курулууда. Объекттерди келерки жылдын күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда.

Президент жарандарды турак жай менен камсыз кылууда курулуштун сапаты жана өз убагында бүткөрүлүшү маанилүү экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан