АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандын портторун блокадалоо операциясына 10 миңден ашуун аскер кызматкери катышып жатканын маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Билдирүүгө ылайык, операцияга америкалык деңизчилер, деңиз пехотасы жана учкучтар, ошондой эле ондон ашуун аскердик кеме жана ондогон учактар тартылган. Алар Иран портторуна кирген жана чыккан кемелерди көзөмөлдөп жатышат.
Командачылык акыркы 24 саат ичинде бир дагы кеме блокаданы бузуп өтө албаганын белгиледи.