Биз социалдык тармакта

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына жаңы директор дайындалды

Кечээ, 14-апрелде "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына жаңы директор болуп дайындалган Акылбек Туратбек уулу эмгек жамаатына тааныштырылды.

Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев кол койду.

Жаңы жетекчи иштин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Алардын катарына процесстердин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык тартипти бекемдөө, ошондой эле сатып алууларды пландаштыруу жана көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан