Биз социалдык тармакта

Таразда гимназияда сабалган 10-класстын окуучусу көзүнөн ажырады

Тараз шаарындагы гимназиялардын биринде 10-класстын окуучусу тыныгуу учурунда катуу сабалып, оор жаракат алды. Учурда өспүрүм операциядан өтүп, оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz КТК каналына таянып маалымдады.

Дарыгерлер: “Көзүн бөлүктөп чогулттук”

Жабырлануучунун апасы Зухра Каримованын айтымында, дарыгерлер баланын көзү катуу жабыркаганын билдиришкен.

Анын сөзүнө караганда, дарыгерлер көздү “бөлүктөп чогултууга” туура келгенин, азыркы 10 күн абдан маанилүү экенин айтышкан. Ошондой эле инфекция мээге өтүп кетпеши үчүн тынымсыз көзөмөл керек экени эскертилген.

Өспүрүмдүн баш мээси чайкалып, контузия алган. Көзүнүн түбү толугу менен жабыркап, көзү агып чыккан.

Окуя кантип болгон?

Окуя сабактардын ортосунда, балдар кийим алмаштыруучу бөлмөдө болгон. Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Дамирди 9-класстын окуучулары ал жерге алдап киргизишкен.

Көзөмөл камераларындагы видеодон көрүнгөндөй, сүйлөшүү дароо мушташка айланып кеткен. Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганын, бирок аны кармап турушканын айткан. Ошол учурда Дамирди башына уруп сабашкан.

Окуядан кийин ал өз алдынча кийим алмаштыруучу бөлмөдөн чыгып кете алган.

Темир буюм колдонулган болушу мүмкүн

Окуучу оор операциядан өткөн. Учурда ал болгон окуяны дээрлик эстебейт. Бирок апасына кол салгандардын колунда темирге окшош нерсе болгонун көргөнүн айткан.

Кылмыш иши козголду

Бул факт боюнча полиция “Ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү” беренеси менен сотко чейинки тергөө иштерин баштады.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жамбыл облусунун полиция департаменти окуяга катышкан бардык адамдардын аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.

Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын ата-энелери да балдарды тарбиялоо милдетин аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ушуга окшош окуя буга чейин да катталган

Белгилей кетсек, 2026-жылдын март айында да Тараз шаарында 9-класстын окуучу кызын курдаштары көптөп сабаган окуя катталган. Шектүүлөр каттоого алынган, бирок жабырлануучунун жакындары алардын эркиндикте жүргөнүнө нааразы болушкан.

Аталган окуяда жабырлануучу кызды жети кыз кастет менен сабаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан