Биз социалдык тармакта

АКШда Ливан менен Израилдин элчилери жолугушту

Ливандын АКШдагы элчиси Нада Хамаде Израил менен акыркы ондогон жылдардагы биринчи сүйлөшүүлөрдү кубаттады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Ага ылайык, Хамаде Израилдин Вашингтондогу элчиси Йехиел Лейтер менен жолугушууда ок атышууну токтотууга чакырган.

ыр-чатактын натыйжасында өлкө жапа чегип жаткан курч гуманитардык кризисти жеңилдетүү боюнча практикалык чараларды көрүүгө чакырдым",- деген элчи.

Ал эми Йехиел Лейтер сүйлөшүүлөр мүмкүн болушунча ийгиликтүү болгонун белгилеген.

Элчилердин жолугушуусу 14-апрелде өтүп, ага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да катышты.

Белгилей кетсек, Израил менен Ливандын ортосунда түз сүйлөшүүлөр 1993-жылдан бери биринчи жолу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан