
Иран бийлиги геосаясий мааниге ээ болгон Ормуз кысыгы боюнча өзгөчө режим иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү
Фатеме Мохаджерани РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
"Ормуз кысыгы өлкөнүн стратегиялык мааниге ээ аймагы болуп саналат. Ошондуктан аны башка өлкөлөр менен өз ара мамиледе колдонулган маанилүү ресурс катары карап, өзүнчө тартип киргизүү зарыл",- деп билдирген Мохаджерани.
Ошондой эле Иран Ормуз кысыгы боюнча суверенитетин жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү мунай, суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20 пайызы ташылат.