Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коомдук тартипти бузуп, авариялык кырдаалдарды жараткан. Натыйжада, айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилген.