Биз социалдык тармакта

Депутат күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын көбөйтүүнү сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын көбөйтүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 15-апрелдеги жыйынында айтты.

Айтымында, өлкө боюнча пенсия алган 800 миңге жакын ардагер бар. Анын ичинен 23 миңи күч түзүмдөрүнүн ардагерлери.

"Анын ичинен 12 миң киши ички иштер органдарынын ардагерлери. Акыркы кезде күч органдарынын ардагерлерине пенсия көбөйтүлбөй жатат. Министрлер кабинетинин алдында комиссия түзүлдү. Ал комиссия жыйынтыкка да келди. Бирок ал боюнча бизде маалымат жок. Бул жерде пенсияны көбөйтүү боюнча бир нече жолу маселе көтөрдүм",- деди депутат.

Депутат кошумчалагандай, ардагерлер пенсияга чыкканына карабай өлкөдөгү чоң иш-чараларга катышып келишет.

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын көбөйтүү боюнча сунуш айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан