Кытайдын лидери Си Цзиньпин Орусия менен Кытай бири-бирине ишеним артып, өнүгүүгө биргелешип багыт алышы керектигин сунуштады. Мындай пикирин Кытайдын лидери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда айткан.
"Эки тарап тең бири-бирине ишенип, өз ара колдоо көрсөтүп, жалпы өнүгүүгө умтулушу керек",- деген Си Цзиньпин.
Ошондой эле ал Кытай менен Орусиянын лидерлери маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди көрүшү керектигин белгилеп өткөн.