Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда убактылуу электр линияларын орнотуу иштери аяктады. Темир жолдун бүт участогу боюнча 192,323 чакырымга убактылуу жолдор курулду.
Ошондой эле долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралып, баарында жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, коридор боюнча жалпы 3 ири тоннелдин курулушу пландалган:
- Нарын №1 тоннели;
- Кош-Дөбө тоннели;
- Фергана тоннели.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.