АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан операция жакын арада аякташы мүмкүн экенин билдирди. Трамп бул пикирин Fox News телеканалына берген маегинде айткан.
"Менимче, Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан операцияны аяктоого аз калды",- деп айткан ал.
Трамптын айтымында, эгер АКШ кысымды күчөткөндө Иранга калыбына келүү үчүн 20 жыл керек болмок.
Ошол эле учурда ал операция толук аяктай электигин баса белгилеген.