Депутат Болот Сагынаев парламенттин бүгүнкү жыйынында баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштады.
Ал билдиргендей, бул маселе боюнча аймактардан миңдеген, анын ичинде "Эне даңкы" медалынын ээлери дагы кайрылышкан.
"Алар кайрылууда мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде колдоо жок экендигин, жада калса саламаттык сактоо мекемелеринде эч кандай жеңилдиктер каралбаганын, алардын эмгеги жана коомго кошкон салымы тийиштүү деңгээлде бааланбай жатканын белгилешүүдө.
Ошондой эле берилген сыйлыктар символикалык мүнөздө калып, конкреттүү социалдык кепилдиктер менен негиздүү нааразычылыктарды жаратууда. Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен баатыр энелердин эмгегин татыктуу баалоо максатында алар үчүн кошумча колдоо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. Тактап айтканда, баатыр энелер үчүн атайын санаторий куруу жана аларды жылына кеминде бир жолу санаторий-курорттук дарыланууга жөнөтүү максатка ылайыктуу болмок",- деди депутат.
Айта кетсек, буга чейин эл өкүлү Гүлнара Баатырова да баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштаган. Айтымында, азыркы учурда республика боюнча 37 миңге чукул баатыр эне бар.