Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Ысык-Көл облусундагы Асман шаарын курууга алынган жерлерге компенсация төлөө маселесин чечип берүүнү суранды.
Жыйында эл өкүлү сөз болуп жаткан жерге дыйкандар бак тигип, 10-15 жылдап мээнет кылганын белгилеп өттү.
"Өлкө боюнча маанилүү стратегиялык долбоорлор ишке ашканы жатат. Асман шаары курулуп жаткан жерди көптөгөн дыйкандар ижарага алып бак тигишкен. Азыр мамлекет өзүнө алды. Бирок ошол дыйкандардын 10-15 жылдап кылган мээнети бааланбай, компенсация төлөө, башка жерден жер берүү маселеси дагы деле чечиле элек экен. Ал жер өтө таштак жер болгон, бак тигип койсоң эле өсүп калбайт. Ушул маселени чечип берсеңиздер, дыйкандардын көп жылдык эмгеги текке кетпесин.
Буга чейин президентибиз эл менен жолукканда, "компенсация маселесин чечип бергиле" деген тапшырма берген. Президенттин тапшырмалары өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алып койсоңуздар",- деди депутат.