Ош облусунун Өзгөн районунда 29 жаштагы келин асынган абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 12-апрелде орун алды. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А.к.А. аттуу тургуну өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, денеге сырттан кароо жүргүзүлдү. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда.
Маркум келиндин артында үч баласы калды.