Биз социалдык тармакта

Депутат жаштар арасында онлайн насыя алуу көбөйүп жатканын билдирди (видео)

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Ахмедова жаштар арасында мобилдик тиркемелер аркылуу микрокредиттерди алуу көп катталып жатканын билдирди.

Эл өкүлү буга байланыштуу онлайн насыя берүүдө кошумча шарттарды киргизүүнү сунуштады.

"Акыркы мезгилде жаштар ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн уруксаты жок, мобилдик тиркемелер аркылуу микрокредиттерди алып жаткан учурлар көбөйдү. Мунун натыйжасында айрым үй-бүлөлөрдө материалдык кыйынчылыктар жаралууда. Ошондуктан жашы жете электерге онлайн насыя берүүдө көзөмөлдү күчөтүү керек. Белгилүү бир жаш куракка чейин, мыйзамдуу өкүлдүн уруксатын талап кылган кошумча шарттарды кошууну сунуштайм",- деди депутат.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан