Кыргыз футбол биримдигинин кезектеги конгрессинде жаңы президент шайланган жок. Шайлоо темасы конгресстин күн тартибинен алып салынды. Анын себеби талапкерлердин жоктугу экени айтылды.
Ал эми жетекчилик курамы шайланды. Анда:
Аткаруу комитетинин жаңы мүчөлөрү болуп Канатбек Абдыкадыров, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Кадралиев, Кудайберди Кожобеков, Эмил Кутманов, Аскар Салымбеков, Азат Сакебаев, Уланбек Ногаев бекитилишти.
Биримдикти Нурдин Букуев убактылуу жетектеп турат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти.