Бишкекте бейбаштык кылышкан айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz жана BMW үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин атайлап бузуп, башка айдоочуларга тоскоолдуктарды жаратышкан. Ошондой эле унаалардын мамлекеттик каттоо номерлери жок болгон.
Натыйжада, 2 унаа тең айып короого киргизилип, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн.