Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобунун балдарына жолукту. Тийиштүү видеону ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Биз Руандага келдик. Түшүмдө болуп жаткандай эле сезимдер болууда. Аэропорттон түнкү саат экиде Moriox Kids тобунун балдары тосуп алышты. Бир сыйра баарлашып, таанышып алдык. Кызык күндөр алдыда",- деп билдирүү калтырган ырчы айым.
Буга чейин аталган африкалык бийчи балдар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Аттиң ай" жана бир нече кыргыз ырларына бийлеп видео тартышкан.
Белгилей кетсек, Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.