Биз социалдык тармакта

Нарында мамлекеттик нотариус кызматкери кармалды

Нарын шаарында мамлекеттик нотариус кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматта ал пара алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат. Шектүү Нарын шаарынын тургунунан каза болгон атасынан калган үйдү мурас катары каттоо үчүн пара талап кылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган кызматкер Нарындын Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан