Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен түз диалог өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда негизги маселелер катары таза суу, жолдордун абалы, мектеп жана бала бакча куруу, жер тилкелери жана мүлктүк талаштар көтөрүлдү.

Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо, курулуш компанияларынын иши, сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү талкууланды. Социалдык жактан аялуу катмарларды колдоо, турак жай менен камсыз кылуу жана этникалык кыргыздарды документтештирүүнү жеңилдетүү маселелери да айтылды.

Билим берүү, мугалимдердин эмгегин баалоо, маданий демилгелер, санитардык абал жана мамлекеттик кызматтардын сапаты боюнча да сунуштар берилди.

Президент бардык маселелер өз убагында жана системалуу чечилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле 10-майдан тартып бардык айыл өкмөттөрүндө эл менен жолугушуулар өтөрүн билдирди.

Жыйынтыгында тиешелүү органдарга көтөрүлгөн маселелерди чечүү жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан