Молдова бийлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) чыгарын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Михай Попшой билдирди.
"8-апрелде келишимдерди токтотуу боюнча чечимдерге кол коюлгандан кийин бул тууралуу билдирүү Минск шаарындагы катчылыкка жөнөтүлгөн. Алар документти алганын расмий түрдө тастыкташкан", - деп билдирген ал.
Анын айтымында, өлкө КМШдан толук түрдө келерки жылдын 8-апрелинде чыгат.
Белгилей кетсек, Молдова СССР тарагандан кийин 1991-жылы эгемендүүлүк алган. Андан соң 1994-жылы расмий түрдө КМШга мүчө болгон.