Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир нече маанилүү мыйзам долбоорлорун карап чыгып, үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын катарында аткаруу өндүрүшү, жол коопсуздугу, айыл чарба жана тышкы миграция тармагына тиешелүү өзгөртүүлөр бар.
Тактап айтканда, төмөнкү мыйзамдар кабыл алынды:
• аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөр;
• жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган өзгөртүүлөр;
• өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдарга толуктоолор;
• тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү.
Бул өзгөртүүлөр тиешелүү тармактарды жөнгө салууну жакшыртууга жана мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө багытталган.