Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Э. Алиев, Молдо Нияз жана И. Закиров көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда шаардык жолдор муниципалдык ишканасы тарабынан:
• бузулган имараттардан калган калдыктар тазаланууда;
• жумшак топурак катмары алынып салынууда.
Ошондой эле:
• жолдун эски катмары алынууда;
• негизги бөлүгү даярдалып жатат;
• кийинки этапта тегиздөө иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөөгө даярдык көрүлөт.
Долбоор боюнча жол:
• 6 тилкелүү болот;
• туурасы — 36 метр;
• узундугу — 750 метр.
Бул иштер шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.