Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын жаштары БУУнун ЭКОСОС жаштар форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын жаш активисттери 14–16-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан уюштурулган Жаштар форумуна катышып, Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирада өлкөнүн атынан активдүү позициясын көрсөтүштү. Бул тууралуу туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында өткөн пленардык жыйында кыргызстандык жаш өкүл Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 6-максаты — таза суу жана санитария, ошондой эле 11-максаты — туруктуу шаарларды өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Анда өлкөнүн бул багыттардагы жетишкендиктери белгиленип, айрыкча суу ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө жана инклюзивдүү шаардык саясатты түзүүдө жаштардын ролу маанилүү экени баса көрсөтүлдү.

Мындан тышкары кыргыз делегациясынын катышуусу өлкөнүн 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү максаттарына берилгендигин дагы бир жолу тастыктап, жаштарды чечим кабыл алуу процесстерине — жергиликтүү деңгээлден тартып глобалдык деңгээлге чейин — активдүү тартуу аракеттери уланып жатканын көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан