Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Орусия Федерациясынын башкы трансплантологу, академик Сергей Готье менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда президент Садыр Жапаров трансплантологияны саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу багыты катары аныктаганы белгиленди. Акыркы жылдары бул тармакты өнүктүрүү үчүн мыйзамдык база түзүлүп, заманбап технологияларды киргизүүгө шарттар түзүлгөн.
Тараптар трансплантология боюнча эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен В.И. Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар улуттук борбору ортосундагы кызматташтык жакшы жыйынтыктарды берип жатканы айтылды.
Бул кызматташтык аркылуу Кыргызстандан 20 медициналык адис Орусияда стажировкадан өтүштү. Азыр адистердин санын көбөйтүү маселеси каралууда.
Ошондой эле белгиленгендей, 2023-жылдан бери Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы иштеп, мамлекеттик бюджеттен каржыланып келет.
Сапардын алкагында Улуттук хирургия борборунда академик Сергей Готьенин жетекчилиги менен боордун бөлүгүн трансплантациялоо ийгиликтүү жасалды.
Жыйынтыгында тараптар трансплантология тармагындагы кызматташууну дагы да тереңдетип, адистерди даярдоо жана практикалык иштерди кеңейтүү боюнча макулдашышты.